Жаңылыктар
“Кыз-жигит” сармерден теледолбооруна Кытай кыргыздары катышты
Маданият
“Кыз-жигит” сармерден теледолбооруна  Кытай кыргыздары катышты

“Кыз-жигит” сармерден теледолбооруна катышуу үчүн Кытайдан 15 кыргыз ырчы-аткаруучу келди. Кытайдын Үрүмчү, Кызыл-Суу автономдук облусунан жана Текестен келген аткаруучулар Сары-Өзөн Чүйдүн кыздары менен жарышка чыкты. Сармердендин өзгөчөлүгү андагы ырдын бары жандуу үн менен аткарылганында. Мындан сырткары бий,түрдүү оюндар, макал-лакап, табышмак жана жаңылмач менен да коштолот. Бээжинден келген таланттуу кыргыз жигиттерин кытайлык кыргыздардын Ырыспайы ататлып жүргөн, обончу-аткаруучу Тукаш Жума баштап келген.