Жаңылыктар
ЕАЭБ саммитинде Бажы кодекси кабыл алынды
Саясат
ЕАЭБ саммитинде Бажы кодекси кабыл алынды

Санкт-Петербургда Евразиялык экономикалык биримдик менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммиттери аяктады. Кыргызстан бул эки уюмдун тең мүчөсү. Евразиялык экономикалык биримдикке киргенибизге бир жарым жыл болду. Бул жолку саммитте мамлекет башчылары биримдиктин эки жылдык жыйынтыктарына токтолушту. 

ЕАЭБдин курамында азыр беш өлкө бар. Орусия Казакстан Беларусь, Кыргызстан жана Армения. Бирок бул жолку желектин жанына төрт гана президент сүрөткө түштү. Биримдик туурасында сын пикирин айтып келген Александр Лукашенко келбептир.
Келе жаткан жылы уюмдун төрагалыгы Кыргызстанга өтөт. Мамлекет башчысы өлкөнүн уюмга толук кандуу мүчө болгонунан бери эмнелерге жетишкенибиз боюнча кеп салды. Ал жабык эшик артында кесиптештерине болгонун болгондой айтты. Ал эми массалык маалымат каражаттарына биримдиктен көп нерсе үмүт кылынып, бирок ал акталганы туурасында чоң суроо бар маанисинде айтты.
Чындыгында картошканы ар кандай себептер менен чегарадан алып өтүүдө кыйынчылыктар жаралган. Натыйжада ата мекендик фермерлер зыянын тартты. Тоскоолдуктардын көбү жасалма экени да көрүнүп турат.
Саммит башкы документти саналган Бажы кодекси да бир аз кечигүү менен кабыл алынды. Буга чейин ал боюнча көп талаш тартыштар болгон. Бирдиктүү пикир табуу кыйын болду.
Аны менен Кыргызстан 30 документтин бирөөсүн колдоого алган жок. Бул соода экономикалык саясатты өнүктүрүү боюнча.
Биздин кыргызстандык кесиптештер ички рыноктогу тоскоолдуктарды алып салуу боюнча тактоону киргизүүнү сунуштап жатат. Андыктан бул боюнча билдирүүнүн тексттин кыргыз тарап макул болгондой даярдоо керек. Калган документтер боюнча төрт президент тең кол койду.