Жаңылыктар
Кытайлык кыргыздар Сармерденде
Маданият
Кытайлык кыргыздар Сармерденде

“Кыз-жигит” сармерден теледолбооруна катышуу үчүн Кытайдан 15 кыргыз ырчы-аткаруучу келди. Кытайдын Үрүмчү, Кызыл-Суу автономдук облусунан жана Текестен келген аткаруучулар Сары-Өзөн Чүйдүн кыздары менен жарышка чыкты. Сармердендин өзгөчөлүгү анда аткарылган ырдын бары жандуу үн менен аткарылганында. 

Мындан сырткары анда бий, оюндар болуп, макал-лакап, табышмак жана жаңылмач дагы айтылат. Бээжинден келген таланттуу кыргыз жигиттерин кытайлык кыргыздардын Ырыспайы ататлып жүргөн, обончу-аткаруучу Тукаш Жума баштап келген.