Жаңылыктар
"Макмалалтын" ишканасына инвестиция тартылууда
Аймак
"Макмалалтын"  ишканасына инвестиция тартылууда

 “Кыргызалтын” ишканасы “Макмал алтынга” инвесторлорду тартуу жумушун ыкчам колго алды. Адистердин баалоосунда алтын кенин сактап калууга 30 миллион долларлык каражат керектелет. Учурда "Макмалга" үч компания каражат салууга кызыгуусун билдирген. 

"Макмал" кени азырынча кадимки нукта туруктуу иштеп жатат. Быйыл ишканада баш-аягы 180 кг алтын өндүрүлгөн. Бирок 2017-жылдын аягында "Макмалда" алтындын кору бүтөт. Ишкана андан кийин калдыктарды кайра иштетүүгө өтүүгө мажбур болот. Ошондуктан ишкана токтоп калышы толук мүмкүн. Анан калса комбинаттын 80 пайыз жабдуусу эбак эскилиги жеткен. Ишкананы жаңылабаса Тогуз-Торонун эли каржылоосуз калат. Себеби райондун бюджетинин 95 пайызы "Макмал" алтын кенинин төккөн салыгынан турат.
Мындан улам “Кыргызалтын” ишканасы "Макмал" комбинатынын ишин токтотпой, өмүрүн узартууга инвесторлорду тартууга киришкен. Азырынча Макмалды жаңылоого чет элдик 3 компания кызыгуусун билдирди. Эгер инвестор талап кылынган 30 млн доллар салса, "Макмалдан" 5 чакырым алыстыктагы Кылдоо кенинде геологиялык чалгындоо иштери болот. Анда 5 тоннадай алтындын кору жатат. Дал ушул Кылдоо инвесторлорду тарта турган негизги кен.
"Макмалда" коопсуздук чаралары да күчөтүлгөн. Бул максатта атайын күч органдары менен бирдиктүү иш жүргүзүлөт.
Учурда "Макмалда" миңден ашык киши иштейт. Эгер комбинат жаңыча нукта иштей турган болсо Тогуз-Торо республикалык дотациядан чыгып, өзүн-өзү камсыздоого кудурети жетиши толук мүмкүн. Кыргызалтын "Макмалдан" да мурда ачылган Терек-Сай кенин жаңылоого инвестиция тарта алды.