Жаңылыктар
Иззат Артыковдун допинг колдонгондугу боюнча сот өтөт
Спорт
Иззат Артыковдун допинг колдонгондугу боюнча сот өтөт

 Оор атлетчи Иззат Артыковдун допинг колдонгондугу боюнча сот 11-январда Швейцарияда өтөт. Бул тууралуу машыктыруучу Үсөнкан Майназаров билдирди. Сотто Иззатттын допинг колдонбогондугун далилдөө аракеттери болот. 

Белгилей кетсек, быйыл Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарында Иззат Артыков оор атлетика боюнча коло медалды багындырган. Көп өтпөй Оор атлетика боюнча эл аралык федерация аны антидопинг эрежелерин бузган деп айыптап, медалынан ажыраткан болучу.