Жаңылыктар
Жаш шахматчы Руслан Съездбеков - Азия чемпионатында эки алтын медаль утту
Спорт
Жаш шахматчы Руслан Съездбеков - Азия чемпионатында эки алтын медаль утту

Кыргызстандык жаш шахматчы Руслан Съездбеков Батыш Азия чемпионатында эки алтын медаль утту. Турнир Бириккен Араб Эмираттарында өтүүдө. Руслан 14 жашка чейинки категорияда ыкчам шахмат жана блиц боюнча биринчи орундарды ээледи.

Мелдеште жалпы Ирак, Шри-Ланка, Иран, Бириккен Араб Эмираттыгы, Сирия, Оман жана Кыргызстандан 15 спортчу катышкан. Ал эми 8 жашка чейинкилер катарында катышкан Султай Чыңгыз 5-орунду алды. 26-декабрдан баштап классикалык шахмат турниринде ойноп жатышат.