Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду
Саясат
Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду. Мыйзам кол коюлгандан кийин 15 жумушчу күндүн ичинде күчүнө кирет. Бул убакыт болжол менен 15-январга туура келет.

Белгилей кетүүчү жагдай, азыр өзгөртүү киргизилген бардык беренелер иштебейт, бийлик бутактарына тиешелүү болгон беш берене 2017-жылдын 1-декабрынан баштап күчүнө кирет. 

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы күчүнө киргенден кийин президент Алмазбек Атамбаев баш мыйзамдын расмий текстин элге жарыялайт. Анткени Конституциянын жаңы расмий текстинде 2010-жылы кетирилген техникалык каталар Президент тарабынан жоюлушу керек. Кол коюлган мыйзамдын талабы ушундай. 

Киргизилген өзгөртүүлөрдүн маанисине келсек, биринчиден эл аралык уюмдардын Кыргызстанга басым жасоосуна шарт түзгөн 41-берене өзгөрдү. Баш мыйзамдагы бул нормага таянып буга чейин БУУнун адам укуктары комитети өмүр бою экркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду бошотуу талабын койгон. Ушул эле берене менен ЕККУга июнь коогалаңынын уюштуручуусу катары кылмыш жоопкерчилигине тартылган Кадыржан Батыров кайрылган. Мындан ары эл аралык уюмдардын талаптарына милдеттүү түрдө реакция кылуу жокко чыгат.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, бийлик вертикалын бекемдөөгө да шарт түзүлөт. Анткени азыркы иштеп жаткан баш мыйзам менен айрым жергиликтүү деңгээлдеги жетекчилер жогору жакка баш ийбей, башаламандык болуп келген.

Өзгөртүүлөр ишке кирсе өкмөт башчы бир катар маанилүү чечимдерди жеке өзү кабыл алууга мүмкүн болот. Алмазбек Атамбаев азыркы иштеп жаткан Конституция өлкө башчысына бардык бийликти берип, бир колго топтоого мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирген. Андыктан Конституциялык реформа - бийликти бир колго топтоодон коргоо үчүн жасалып жатканын айтып келет.

Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн бир бөлүгү өлкөнүн сот тармагын реформалоого багытталган. Жаңы нормага ылайык, судьяларды кызматынан бошотуу тартиби так аныкталган. Эл өкүлдөрү бул реформа менен өлкө ачык айкын, коррупциядан алыс жана эл ишенимине ээ болгон сотторго ээ болот деген ишеничте.

Баш мыйзамга жалпы 30га жакын өзгөртүүлөр киргизилген. Анын айрым бөлүктөрү дароо күчүнө кирсе, калган беренелер 2017-жылдын 1-декабрынан тартып иштейт.