Жаңылыктар
Валюта базарындагы абал
Экономика
Валюта базарындагы абал

Жыл башынан бери улуттук банк 17 жолу валюта рыногуна чыгып, 74 млн 400 миң доллар сатты. Анын ичинен 13 миллиондон ашыгыраагы накталай түрдө. Бул туурасында улуттук банкттын расмий өкүлү Раушан Сейиткасымова билдирди. Анын айтымында интервенция өткөрүүнүн негизги максаты-валюта рыногундагы абалды турукташтыруу.

Бул максатта улуттук банк былтыр жалпысынан 295,2 млн долларлык интервенция жасаган. Доллардын резерви азырынча жетиштүү,- деп билдирет улуттук банкттын расмий өкүлү. 

Белгилей кетсек, учурда америка доллары бир жыл ичинде 29%га өссө, эки үч- күндөн бери 1,5%га  төмөндөдү.