Жаңылыктар
Өмүрбек Бабанов жыл жыйынтыгын чыгарып, маалымат жыйынын өткөрдү
Саясат
Өмүрбек Бабанов жыл жыйынтыгын чыгарып, маалымат жыйынын өткөрдү

Бүгүн Республика-Ата Журт фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов жыл жыйынтыгын чыгарып маалымат жыйынын өткөрдү. Анда депутат жыл ичинде аткарган иштери, өлкөдөгү саясий абал жана келечекке койгон максаттары тууралуу ой бөлүштү. 

Парламенттин оппозициялык фракциясынын лидери эмне себептен Камчыбек Ташиев менен эки ажырым жолго түшкөнү тууралуу айтып берди. Бул суроо жеке эле журналисттерди эмес коомчулукту кызыктырган эле. Өмүрбек Бабанов 2020-жылга чейин “Республика Ата-Журт” партиясы ишмердүүлүгүн токтотушу мүмкүн экенин, “Республика” партиясы ишин өз алдынча улантаарын да кошумчалады.Партиянын аталышын өзгөртүү мүчөлөрүнүн макулдугу менен ишке ашат.

Өмүрбек Бабанов айлык маянасынын өлчөмү тууралуу да маалыматты ачыктады. Анын айтуусунда депутат катары кошумча акыны кошкондо орточо эсеп менен 35 миң сом маяна алат.

Өкмөттүн курамы тууралуу сөз болгондо, “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери айрым мекемелердин ишин да кошо сынга алды. Бабановдун пикиринде өкмөттөгүлөрдүн көпчүлүгү дасыккан адис эмес. Мындан улам анын фракциясы Конституцияга кирип жаткан өзгөртүү-толуктоолорду колдоп чыкканын белгиледи. Себеби Премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейип, Президент менен макулдашпай туруп ишин жөндөй албаган министрлерди кызматтан ала алат.

Алдыдагы президенттик шайлоо жарышына түшөөр, түшпөсүнө кызыккан суроо да берилди. Өмүрбек Бабанов азырынча чечим кабыл ала электигин ырастады. Себеби бул аракет партиянын чечими менен гана ишке ашат жана партия анын талапкерлигин көрсөтөт.

Журналисттер тарабынан узатылган суроолордун катарында референдум жана башка жагдайлар боюнча фракциянын аракеттери тууралуу жада калса депутаттын жеке жашоосу жөнүндө да суроолор берилди.