Жаңылыктар
Сапат атаандаштыкты күчөтүп, экономиканы чыңдайт
Экономика
Сапат атаандаштыкты күчөтүп, экономиканы чыңдайт

Сапат атаандаштыкты күчөтүп, экономиканы чыңдайт. Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү болуу менен ата мекендик ишкерлер сапатты арттыруу аракетинде. Быйылкы “Сапат” сыйлыгына өлкө аймагы боюнча мыктылыгын көрсөткөн тамак-аш өндүрүүчү кайра иштетүүчү ата мекендик кичи, чакан жана ири ишканалар татыды. 

Он беш жылдан бери өткөрүлүп келаткан улуттук “сапат” боюнча сынакка, ата мекендик 106 ишкана катышты. Сапат сынагынын башкалардан айырмасы компаниялардын аракети ар-тараптуу бааланат . Баа бере турган эксперттик комиссия эл аралык талаптарга таянып тыянак чыгарат. Талап боюнча компания сапаттуу продукция гана чыгарбастан менеджменттик натыйжалуулукту, рыноктун суроо-талаптарына төп келген компания болушу шарт.

Өлкө экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон, башкысы сапаттык жактан өзгөчөлөнгөн ата мекендик ишканаларды өкмөт колдоого даяр,-деди Премьер министр. “Сапат” боюнча сыйлыктар сынактын лауреаты жана дипломанты номинациясында тапшырылды. Бул сапат жагынан айырмаланган кичи, чакан жана ири ишканалар. Сыйлыктарды өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тапшырды.

“Сапат” боюнча сыйлыкка ээ болгон компаниялардын арасында элеттеги ишканалар да болду. Алардын бири өкмөт башчынын колунан сыйлык алган Кара-Кол шаарындагы “Эко Дан” ун комбинатынын кожоюну Бакытбек Өмүрканов. Ишкер улуттук сыйлыкка татуу үчүн алардын компаниясы түмөн түйшүктүү иштерди аткарганын айтат. Учурда комбинатта 25 киши эмгектенет.

Сынакка активдүү катышкан ишканалар экономика министрлигинин Ардак баракчалары менен сыйланды. Жыйын соңунда 2017- жыл үчүн “Сапат” боюнча сынак туристтик кызматтар жана мейманкана тейлөөлөрү тармагында жарыяланды.