Жаңылыктар
Балыкчыдан Жалал-Абадка чейики жол колдонууга берилсе 330 чакырым аралык кыскарат
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчыдан Жалал-Абадка чейики жол колдонууга берилсе 330 чакырым аралык кыскарат

Өлкөдө жолдорду оңдоо жана куруу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири. Акыркы жылдары дээрлик баардык региондордо жолдор салынып жатат. Каттамдан сапаттуу болушу үчүн казынадан каражат бөлүнүп, сырттан инвестиция тартылууда. 

Жол өлкөнүн кан тамыры. Азыркы заманда даңгыр түз жол- бул өлкөнүн өнүгүшү гана эмес жашоосу десек болот. Учурда Кыргызстанда 19 миң чакырым жол колдонууга берилген. Жол салуу активдүү жүрүүдө, курулуш иштери өлкөнүн баардык облустарын аралай уланып жатат. Асфальттоо иштери стратегиялык каттамдарда жана калк жайгашкан ички жолдор жасалууда. Алардын катарын ири долбоор: 2018-жылы аяктачу Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу толуктайт. Бул каттам бир нече ашууларды ашып өтчү, тоону көзөп туннел салынчу жол.

Балыкчыдан Жалал-Абадка чейин созулган жол колдонууга берилсе өлкөнүн түндүк-түштүк багытында 330 чакырым аралык кыскарат. Өлкөнүн жаңы транспорттук байланышына жол ачылат жана Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланат. Европага карай дагы 500 чакырым жол кыскарат. Жаңы каттамдын коңшу Казакстан, Россия жана Тажикстан жолдору менен байлашканы аркылуу бул өлкөлөргө түз чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Азырынча Кыргызстанда өлкөңүн эки тарабын байланыштырып турган бир гана ири каттам бар. Бул Бишкек-Ош жолу. Серпантиндерди аралап өтүү, жолдун татаалдыгы 12 саат убакытты алат. Бийик Төө-Ашуу ашуусуна чыгып түшүү оор деп эсептелет. Негизинен күнүнө 500 ашык унаа каттабашы керек болсо, карай келгенде 3 миңден көп ар түрдүү унаа каттайт. Кыймы кыш түшкөндө гана бир аз азаят.

Балыкчы-Корумду унаа жолунда иш кайнап жатат. Жалпы 104 чакырым жол жаңыланышы керек болсо, бүгүнкү күндө ал аралыктын 20 пайызында жумуштар толугу менен аяктаган.

Кыргызстанда акыркы жылдары жолдордун курулушуна мамлекет өзгөчө көңүл бурууда. Быйыл өлкөнүн баардык аймактарында жана ири шаарларда миңдеген чакырым жаңы жолдор салынды. Ысык-Көлго карай жол түзөлү туристерге шарт түзүлүп отурат. Бишкек-Талас-Тараз долбоору колго алынган. Бишкектен аэропортко чейин жол жасалды. Жолчулардын айтымында, акыркы 4 жылдан бери быйылкыдай көп иш жасалган эмес.