Жаңылыктар
Тайвандагы сапарынан кийин Н.Алимбеков вице-спикерлик кызматтан кете турган болду
Саясат
Тайвандагы сапарынан кийин Н.Алимбеков вице-спикерлик кызматтан кете турган болду

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбеков башында турган Кыргызстандын делегациясы 21-декабрда Тайвандын мыйзам чыгаруу органынын төрагасы Су Цзя Чуан менен жолугушкан. 

Тайвандын борбордук маалымат агенттигинин маалыматында тараптар парламенттик ишмердик тууралуу, Тайванда демократиялык процесттерди өнүктүрүү жана эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жолго коюу боюнча пикир алышкан. 

Төраганын пикиринде бул жолугушуу Кыргызстандын Тайвань маселесине байланышкан расмий позициясына, тактап айтканда-Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы коңшулук, достук боюнча Келишимге шек келтирген.

Чыныбай Турсунбековдун айтуусунда, Кытай Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү. Бул мамлекет Кыргызстанга карата өзгөрүлгүс, ырааттуу саясатты жүргүзүп келет жана биздин өлкөнүн эгемендигин, көз карандысыздыгын бекемдөөгө, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздукту камсыз кылууга колдоо көрсөтүп, Кыргызстандын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу жардам берип келет. 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлык кызматы Кыргызстандын саясий жетекчилик кызматынын категориясына кирет. Андан сырткары Тайвань маселеси боюнча Кыргызстандын позициясын чагылдырган Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы тиешелүү эки тараптуу кол коюлган документтер Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган жана мыйзамдуу күчкө ээ. Андыктан биздин кесиптешибиздин аракетин мыйзамды бузуу катары бааласа болот - деп билдирди спикер Чыныбай Турсунбеков. 

Маалыматка ылайык, Тайвандын саясий жетекчилиги менен жолугушуу маселелери Тышкы иштер министрлиги, андан сырткары фракциялар жана Жогорку Кеңештин аппараты менен макулдашылган эмес. Мындан улам биз тиешелүү тыянак чыгарып, болгон окуянынын кесепттерин жоюу үчүн бардык чараларды көрүшүбүз керек,- деп билдирди Турсунбеков. 

Бул арада депутат Нурбек Алимбеков парламенттин жыйынында вице-спикерлик кызматтан кетерин жарыялады.