Жаңылыктар
Ашыралы Зурдинов 70 жашка толду
Билим
Ашыралы Зурдинов 70 жашка толду

Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын мурдагы ректору Ашыралы Зурдинов 70 жашка толду. Медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоо боюнча окутуунун  заманбап  ыкмаларын окуу процессинде колдонуу  багытында  профессор зор эмгек жасады.

Профессор  Ашыралы Зурдинов  Кыргыз медициналык академиясындагы  билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча зор салым кошту. Окуу жайга жетекчи болуп турган учурда мекемедеги бардык адистер боюнча үчүнчү муундагы мамлекеттик стандарт иштелип, 2012-жылдан тарта ал окутууда колдонулган. Маселен, дарылоо факультетинин студенттери жаӊы стандартка ылайык  билим алууда.  Мындан тышкары, клиникалык борбор уюштурулган.  Экинчи курстан баштап болочок врачтар реанимациялык жана башка иш-чараларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышты. 

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"