Жаңылыктар
"Forbes" журналы Кыргызстанды эң арзан эс алуучу өлкөлөрдүн тизмесине киргизди
Туризм
"Forbes" журналы Кыргызстанды эң арзан эс алуучу өлкөлөрдүн тизмесине киргизди

Белгилүү Forbes журналы Кыргызстанды 2017-жылдагы эң арзан эс алуучу өлкөлөрдүн тизмесине киргизди. Рейтингде жалпысынан 21 өлкөнүн эс алуу баалары каралган. 

Анын ичинде саякаттоого эң үнөмдүү өлкө болуп түндүк Вьетнамдын курорттору аталган. 

Ал эми каражатын үнөмдөп эс алган турист үчүн Кыргызстан экинчи орунда. 

Ал эми үчүнчү орунга Европанын порттук шаары Лиссабон, мындан сырткары, тизмеге Сеул, Бухарест, Кейп-Пойнт, Крит, ПалАван, Берли Хедс, Порту шаарлары кирген.