Жаңылыктар
Кыргызстан ЕАЭБтин Бажы кодексине кол койду
Экономика
Кыргызстан ЕАЭБтин Бажы кодексине кол койду

Кыргызстан Eвразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексине кол койду. Бул мыйзамдын негизинде EАЭБге мүчө өлкөлөрдүн буга чейинки улуттук кызыкчылыктарга негизделген Бажы мыйзамдары, уюумдун  бирдиктүү кодексине туура келтирилет. Биримдиктин ичинде бажы ишин уюштуруу электрондук түргө келтирилип, ишкерлер үчүн кыйла жөнөкөй жана жеңил болооору айтылууда. Келечекте бул  системадагы коррупция жоюулат. Бирок азырынча Кыргызстан үчүн Бажы кодексин колдонуу бир топ кыйынчылыктар менен кошотолот деп белгилешет эксперттер. 

2017-жылы ЕАЭБге төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өтөт. Ыңгайлуу учурду таап, бажы маселелеринде кездешкен кыйынчылыктарды чечип алууга аракет көрүшүбуз керек деп белгилешкен экперттер да бар. Ошондой эле  ЕАЭБтин бажы мыйзамдары иш жүзүндө кандай ишке ашат, же биримдиктин ичинде буга чейин убадаланып аткарылбай келе жаткан маселелердин бири катары кечеңдейби деп боолгологондор да  жок эмес. Бажы кодекси 2017- ж 1- июлунан  тарта ишке кирет.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"