Жаңылыктар
«Тынымсыз аккан саясат» аттуу китеби жарыкка чыкты
Саясат
«Тынымсыз аккан саясат» аттуу китеби жарыкка чыкты

Саясат таануучу, журналист Кубанычбек Табалдиевдин «Тынымсыз аккан саясат» аттуу китеби жарыкка чыкты. 

Китепте учурдагы ааламдашуу маалындагы Кыргыз улуттук журналистикасынын орду туурасында кеңири кеп болот. Ошондой эле 1916-жылдагы үркүн окуясы жөнүндө жаңы тарыхый жагдайлар жазылган.

Китептин автору Кубанычбек Табалдиевдин  айтымында китепти эки өңүттөн кароого болот. Ал тогуз бөлүктөн турат. Анда  эгемендүүлүккө ээ болгондон берки мезгил аралыгында эл аралык мамилелердин  журналистикада чагылдырышы да негизги орунду ээлейт.

Жаңы жыл алдында жарыкка чыкан кыргыз тилиндеги китептер тизмесин толуктап, окурмандар арасында кызыгууну жаратат деген илгери үмүт бар дешет  калемгерлер.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"