Жаңылыктар
Өкмөт өлкө экономикасын өнүктүрүүгө аракеттерди көрүүдө
Экономика
Өкмөт өлкө экономикасын өнүктүрүүгө аракеттерди көрүүдө

Өкмөт өлкө экономикасын өнүктүрүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга бардык аракеттерди көрүп жатат. 

Мындай пикирин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жыл үчүн Сапат  сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо учурунда билдирди. Эске салсак, бул сынак жыл сайын ата мекендик ишкерлердин сапат үчүн жасаган бардык аракеттерин колдоо максатында өткөрүлүп келет. 

Маалым кыла кетсек, сапат жаатындагы бул сыйлык азык-түлүктүн сапатын, алардын коопсуздугун, продукцияны өндүрүү шартын сактоосун камсыздоодосу, ошондой эле керектөөчүлөрдүн талабын канааттандыруусу, жогорку натыйжалуу тутумдарды жана сапат менеджмент ыкмаларын киргизүүсү үчүн ыйгарылат. Ата мекендик ишкерлер болсо, өлкө Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери өндүргөн продукциянын сапаттын артыруу аракетинде болуп калышты.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"