Жаңылыктар
Тарых жана маданият жылы жемиштүү болду
Маданият
Тарых жана  маданият жылы жемиштүү болду

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2016-жылды Тарых жана  маданият жылы” - деп жарыялоо жөнүндө ” жарлыкка кол койгонуна  бир жыл болду. Анда тарыхтын актай барактарын толуктап, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы, ага пайдубал  түзгөн Кыргыз АССРинин 90  жана  Кыргыз ССРинин  80 жылдык,   Үркүндүн 100 жылдык маарекесин белгилөө  жана тарыхый инсандар:  Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын, Тайлак баатырдын  220 жылдыгын  белгилөө   каралган.  Жарлыкта белгиленген иш-чаралардын жүзө ашышы  туралуу  кабарчыбыз айтып берет. 

Эске салсак,  2015-жылы  30-декабрда  Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек  Атамбаевдин  “2016-жылды Тарых жана маданият жылы” - деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгы чыккан.  Анда тарыхытын негизги этаптарын иретке салууда,  Кыргызстан тарыхынын жана маданиятынын чала изилденген жерлерин ачыкка чыгарып,  тарыхка бирдиктүү көз карашты калыптандыруу  максатында, 2016-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандырууга зор салым кошкон жана Кыргызстан элинин тарыхый, маданий мурасында өзгөчө орду бар окуялар жана инсандардын маарекесин өткөрүү жагы  белгилеген. Алар: Кыргыз Республикасынын   эгемендигинин 25 жылдыгы,   залкар ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын, Тайлак баатырдын 220 жылдыгын,  1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгын, Ошондой эле Кыргыз АССРинин 90 жана  Кыргыз ССРинин  80 жылдыгы. 

Зинакан  Кайыпова, "Биринчи радио"