Эски жыл узап, жаңы 2017-жылдын жаңырарына саналуу гана күндөр калды.
Билим берүү жайларында, мекемелерде жаңы жылдык кечелер уюштурулуп, борбор калаа жана аймактагы шаарларда балаты жасалгаланып, көчөлөр кооздукка оролду.
31-декабрдан, 1-январга караган түнү жаңы жылды белгилөөнү кыргызстандыктар совет доору орногондон баштап майрамдап келет.
Бул күнү үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп, улуттук тамак- аштар менен дасторкон үстүндө жакшы тилектерди айтышат.
Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"