Казакстан Кыргызстанга 7,5 млн доллар өлчөмүндөгү алгачкы траншты бөлөт.
Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу боюнча жол картасынын иш-чараларын каржылоо максатында Казакстан 100 миллион доллар суммасында техникалык көмөк көрсөтүүнү караштырат.
Каражат бажы инфраструктура обьектилерин техникалык жактан камсыздоого жана сыноо лабораторияларын жаңылоого жумшалат.
Келишимге ылайык, каражат маал-маалы менен бөлүнөт.Биринчи этапта 7,5 млн доллар берилмекчи.