Жаңылыктар
Салык кодекси толуктоого муктаж
Экономика
Салык кодекси толуктоого муктаж

Колдонуудагы салык кодексине системалык толуктоолор киргизилип жатат.

Толуктоолор ишкерлерге жагымдуу шарт жаратып,эң башкысы Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында салык тартиптеринин так жол-жоболорун түзүү максатын көздөйт. Мындан улам ЕАЭБ шарттарына ылайык салык кодекси ийкемдүү иштеши зарыл. 

Экономика министри Арзыбек Кожошев азырынча шашылуунун кажети жок экенин айтып, өзгөртүлүп толукталган Салык кодекси адегенде коомдук жана бизнес чөйрөнүн талкуусуна коюлаарын билдирди. 

Министрдин айтымында азыркы салык кодекси 7 жылдан бери толукталган эмес. Кошумчалай кетсек салык кодексине кирип жаткан өзгөртүүлөрдү өкмөт башчынын буйругу менен түзүлгөн мекемелер аралык комиссия иштеп чыккан.