Жаңылыктар
Окуучуларды илимге үндөө
Билим
Окуучуларды илимге үндөө

Бишкекте “Илим, техника жана өндүрүш” жумалыгы ачылды. Ага шаардык мектептердеги жаш илимпоздор менен катар окуучулар да катышты. 8-февралдан 12-февралга чейин өтө турган жумалыкты Билим берүү жана илим министрлиги республикалык «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясы менен биргеликте уюштурду. Иш-чаранын алкагында “Балдар үчүн илим”, “Техника күнү” жана “Өндүрүш күнү” деп аталган акциялар болот.

Бир жуманын ичиинде илимге кызыккан окуучулар менен окумуштуулардын жолугушуулары өткөрүлүп, илимий-изилдөө борборлорунда экскурсиялар менен катар, ар кандай сынактар дагы уюштурулат. Ошондой эле, 11-февралда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекетттик техникалык окуу жайында окуучулар арасында республикалык илимий-техникалык олимпиада дагы өткөрүлмөкчү.