Жаңылыктар
Бишкекте бүгүн Улуттук филармонияда президенттик балаты болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте бүгүн Улуттук филармонияда президенттик балаты болуп өттү

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев катышып, бөбөктөрдү жаңы жылы менен куттуктап, максаттарга жетүү үчүн талыкпай эмгектенип , жакшы билим алууга чакырды. 

Майрамдык концертке Кыргызстандын бардык аймактарынан 8ден 14 жашка чейинки миңден ашык окуучу катышып, шоу-программага, цирк артисттеринин, ыр бий топторунун жана эстрада ырчыларынын өнөрлөрүнө күбө болушту. 

Президенттик балаты белгиленген Улуттук Филармониянын ичи жомоктогудай кооздолгон. Иш чаранын коноктору таң эртелеп келип, негизги бөлүк башталганча жаңы жылдык жасалгалардын жанында сүрөткө түшүп, зал ичинде бир сыйра саякат да кылып жиберишти. Мунун баары эстелик болот эмеспи.

Майрамдык кечеге балдар өлкөнүн бардык аймактарынан чакырылган. 8ден 14 жашка чейинки миңден ашык окуучу келишкен. Айрымдары президенттик балатыга келүүдөгү, ага чакырылгандагы сезимдери менен бөлүшүштү.

Президенттик балатыга келген окуучулар Президент Алмазбек Атамбаевге атайы белек даярдашкан. Аны өлкө башчысына өздөрү тапшырышты. Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев да балдарга белегин ыйгарды.