Жаңылыктар
Берлинде Самат Ишенбековдун сүрөт көргөзмөсү коюлду
Маданият
Берлинде Самат Ишенбековдун сүрөт көргөзмөсү коюлду

Кыргызстандык сүрөтчү Самат Ишенбековдун жеке көргөзмөсү Берлиндеги «Кюнгеркиц» көркөм галереясында ачылды. Бул жерде 40 тан ашык эмгек коюлуп, анда сүрөтчүлүктүн ар кыл түрлөрү камтылган. 

Сүрөтчү көчмөн кыргыз элинин тиричилигин чагылдырган эмгектеринде салттуу ыкма колдонулса, азыркы күндү чагылдырган сүрөттөрү жаңы стиль менен тартылган. 

Өнөр ээсинин эмгектерине берлиндиктер, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү баа берди. 25 жаштагы Самат Ишенбеков Гамбург, Дубайда көргөзмө уюштуруп келген.