Жаңылыктар
Көркөм гимнастикадагы ийгилик
Спорт
Көркөм гимнастикадагы ийгилик

Жетиге жаңы гана чыккан Эдель Касенова Орусияда өткөн көркөм гимнастика боюнча эл аралык турнирде ийгилик менен кайтты.

Ага Казакстан, Орусия, Кытай, Өзбекстан, Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн жалпысынан 250 спортчу катышкан. 

Кичинекей Эдель болгону 7 жашта. Ал борбордогу мектептердин биринде 1-класста окуйт. Көркөм гимнастика менен машыгып жүргөнүнө 4 жыл болду. Бул анын биринчи эле жеңиши эмес. Буга чейин ал көптөгөн чет өлкөлөрдөгү мелдештерде ийгиктерди жараткан. Келечекте олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын талашсам деп кыялданат.

Жаш жеңүүчү эркин көнүгүүлөрдө эч кимди алдына салган эмес. Көнүгүүлөрдү эң мыкты жана кооз аткаргандыгы үчүн "Luxembourg Cup - 2016" жана эл аралык турниринен үч коло медаль тагынган. Мындан тышкары "Турнирдин элеганттуу катышуучусу" деген титулуна татыган. Ошондой эле быйыл жайында Пекин шаарында өткөн “ Zhong Ling Beijing Cup 2016” эл аралык мелдешинен эки алтын медаль менен кайткан.

Азыр кичинекей спортчунун куржунунда гимнастика боюнча 16 медаль, 10 кубок жана эл аралык турнирлерде алган байгелери бар.