Жаңылыктар
Жаңы жылга караган түнү коомдук транспорт өз нугунда иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жылга караган түнү коомдук транспорт өз нугунда иштейт

31-декабрь күнү бардык коомдук транспорттор элди түнкү саат 1.00гө чейин ташыйт. Бул тууралуу Мэриянын маалымат кызматынан кабарлады. 

Өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекциянын кызматкерлери майрамда балдарынан адашып калгандарга алгандарга жардам көрсөтөт. 

Борбордук аянтта Тез жардам кызматынын эки бригадасы менен өрт өчүрүү кызматынын бир унаасы күзөттө турат. 

31-декабрь күнү жарандар үчүн майрамдык программанын биринчи бөлүгү 12.00дө башталып 15.00гө чейин созулат. 

Кечки бөлүгү 20.00дө башталып 00.00дө майрамдык салют менен аяктайт.