Жаңылыктар
Жыл ичинде мыкты эмгектенгендерге мамлекеттик наамдар ыйгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жыл ичинде мыкты эмгектенгендерге мамлекеттик наамдар ыйгарылды

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого, уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн, ошондой эле Тарых жана маданият жылынын жыйынтыктары боюнча кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. 

Алардын катарында КТРКда көп жылдардан бери талыкпай эмгектенип, мыкты долбоорлорду тартып келген режиссер Сагын Ниязалиева Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамына татыды.

II даражадагы «Манас» ордени менен жазуучу Кеңеш Жусупов, III даражадагы «Манас» ордени менен Эркинбек Ибраев, Медис Казакбаев, Төлөгөн Козубеков, Алтынбек Максутов, Кыяс Молдкасымов, Анатай Өмүрканов, Тынчтыкбек Чороев сыйланды.
Ал эми «Данакер» ордени Азия микс» КВН курама командасына берилди. «Даңк» медалы Мирлан Абдыкалыков, Замирбек Бекбоев, Сонунбүү Какеева, Жаңылбүбү Карыбековага берилди. 

Кыргыз Республикасынын эл акыны» деген ардактуу наам Рахматилла Козукеев, Менди Мамазаирова, Кыялбек Урманбетовго ыйгарылды. 

Садабек Ажиев менен Таалайбек Усубалиев «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» деген ардактуу наамга татыса, Кыргыз Республикасынын эл артисти наамына Эгемберди Бекболиев, Шаршеналы Дүйшөнкулов, Замира Мавлянова, Жумакүл Жумалиева, Бактыбек Шатенов ээ болду.

Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон дагы бир Жарлыкка ылайык, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн III даражадагы «Манас» ордени менен тарыхчы, этнограф, Николай Катанов атындагы Хакас мамлекеттик университетинин этнография лабораториясынын жетекчиси Виктор Бутанаев, тилчи, фольклор таануучу Макелек Өмүрбай уулу жана тарыхчы, археолог, Новосибирск мамлекеттик университетинин археология жана этнография кафедрасынын профессору Юлий Худяков сыйланды.