Жаңылыктар
Польша айыл-чарбага керектүү техникаларды насыя катары берет
Кыргызстан жаңылыктары
Польша айыл-чарбага керектүү техникаларды насыя катары берет

Польша мамлекети Кыргызстанга насыя берди. Анын жалпы көлөмү 40 миллион еврону түзүп, техникалык жабдуулар түрүндө берилүүдө. Бул тууралуу биздин каналга айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди. 9 пайыздык үстөк менен 7 жылдык мөөнөткө берилген техникалар Польшанын лизингинин негизинде сом менен бааланат.

Ошондой эле, Чодуев - күнөскана курууга да 10 пайыздык насыя берилип жатканын кошумчалады. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы аянты 250 гектарды түзгөн 734 күнөскана иштеп жатат.