Жаңылыктар
Жаш шахмат чеберинин ийгиликтери
Спорт
Жаш шахмат чеберинин ийгиликтери

Бириккен Араб Эмирлигинин Ал-Айн шаарында өткөн шахмат боюнча батыш Азия чемпионатында Руслан Съездбеков 2 алтын жана жана 1 коло медаль тагынып кайтты. Ал 14 жашка чейинки категорияда шахматтын блиц жана рапид түрү боюнча биринчи орундарды ээлеген. 

Ал-Айн шаарынан жеңиш менен келе жаткан мекендешибизди жакындары, достору “Манас” аэропортунан кубаныч менен тосуп алышты.

Бул оюнда өспүрүмдөр арасында алты жаш курак боюнча, 12 комплект медаль ойнотулду. Бул таймашка Шри-Ланка, Иран, Бириккен Араб Эмирлигинен, Индия, Казакстан Кыргызстан сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн спортчулары катышкан. Мында Руслан шахматтын блиц, рапид жана классика түрү боюнча ийгиликтерге жетишти.

14 жаштагы Руслан Съездбеков Кыргызстандын шахмат боюнча 6 жолку жана 11 жашында шахматтын блиц түрүнөн Азия чемпиону болгон. Ал эл аралык шахмат федерациясынын спорт чеберлигине талапкер. Кичинекей спортчунун куржунуну көптөгөн эл аралык мелдештерден алган медалдар жана кубоктор бар.

Руслан 8 бир туугандын экинчиси, дагы 4 бир тууганы шахмат боюнча спорттун чеберлери. Шахматчынын атасы балдарынын ийгилиги менен кубанып, сыймыктанаарын айтат.
Кичинекей мекендешибиздин ийгилиги чынында эле жаңы жыл алдында кыргызстандыктарга болгон белеги болуп калды.