Жаңылыктар
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн бир бөлүгү урап, 9 адам каза болду
Кырсык
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн бир бөлүгү урап, 9 адам каза болду

Казакстандын Караганда облусунда көп кабаттуу үйдүн бир бөлүгү урап түшкөн. 1-январда саат 22.40тар чамасында Караганда облусунун Шахтинск шаарынын Шахан поселогунда 5 кабаттуу үйдүн бир бөлүгү урап түшкөн. 

Жыйынтыгында 9 адам курман болгону айтылды. Куткаруучулардын айтымында урандылардын алдында дагы адамдар болушу мүмкүн. 

Учурда кырсыктын кесепетин жоюу үчүн 70тен ашык куткаруучулар менен 16 атайын техника тартылып, иштеп жатат. 

Алдын ала айтылган божомолдор боюнча кырсыктын себеби - жалпы үйдү жылыта турган от жаккычтын жарылышынан улам болду деп айтылууда.