Жаңылыктар
Кубанычбек Кулматов кызматтан кетти
Саясат
Кубанычбек Кулматов кызматтан кетти

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Муну калаа башкармалыгынан кабарлашты. Кулматовдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу түрдүү сындар айтылып келген. Экс-мэр жакын арада маалымат жыйын өткөрүп, өзүнүн кызматтан кетүү себебин түшүндүрөт.

Өлкө башчысы тарабынан баш калаанын мэрине шаардагы таштандыга байланыштуу жогорудагыдай талап сентябрь айында коюлган. Ал эми 24-декабрда өткөн басма сөз жыйынында президент Кулматовдун маселеси жаңы жылдан кийин каралаарын билдирген эле. Эми мэрдин иштен кетүүгө арыз жазганы кабарланып, муну кеңешчиси Гуля Алманбетова тастыктады. Анын айтымында Кулматовдун соңку кадамы мамлекеттин “башка максаттарына” байланыштуу.

Калаанын таштандыдан арылбаганы, жолдорду оңдоонун кечеңдеши, айтор, Кулматовдун ишмердүүлүгүнө сын-пикирлерди пайда кылган алешемдиктер ар тараптан айтылып келди. Ал эми артыкчылыгы кайсы деген суроого мэр сын-пикирди жакшы көтөрчү деген жооп уктук. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов бир катар маанилүү иштер башталганы менен, алар аягына чыкпаганын белгилейт.

Кубанычбек Кулматов баш калааны 2014-жылдын январь айынан тартып башкарып келген. Ал жаңы мэр шайланганча кызматын аркалап турат. Борбордук шайлоо комиссиясы шаар башчысын тандоонун датасын 10 күндүн ичинде аныкташы керек. Андан соң шаардык кеңештеги фракциялар жана коалиция, ошондой эле премьер-министр да талапкер көрсөтө алат. Мэрликти кимдер мелжеп жатканы жакынкы күндөрү көпчүлүктүн бүйүрүн кызытчудай.

Калыгул Асамбаев