Жаңылыктар
Машрапов террордук актыга тиешеси жоктугун айтууда
Дүйнө
Машрапов террордук актыга тиешеси жоктугун айтууда

Жаңы жыл түнү Түркияда 39 кишинин өмүрүн алган террордук кыргынга кыргызстандык шектелип, бул кабар заматта кыргыз коомчулугун дүрбөлөңгө салды. 

Түрк маалымат каражаттары Яхья Машраповду шектүү катары көрсөтүшүп, анын кыргызстандык экенин жазып чыгышты. 

Ал эми расмий бийлик негизсиз айыптоолордон карманууга чакырууда.    

Чындыгында Яхья Машрапов аттуу жаран Кыргызстанда бар экени, Стамбулдагы террордук актыга тиешеси жоктугу, ал коопсуздук кызматына келип сурак бергени ачыкталды.

Бозулан Ысаков, «Биринчи радио»