Жаңылыктар
Бүгүн шаар мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктайт
Саясат
Бүгүн шаар мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктайт

4-январда кечки саат 18.00  шаар мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктайт. Калаа башчылыкка  көпчүлүк коалиция  азыркы мэрдин милдетин аткаруучу Албек Ибраимовго  ишеним артууда.  

Ал арада оппозициялык фракция Нурдин Абдылдаевди көрсөттү. Ал арада БШК Бишкек шаарынын мэрин шайлоону 11-январга дайындады. Кошумчалай кетсек, 11-декабрда өткөн шаардык кеңешке шайлоого 14 партия ат салышып, жыйынтыгында жети пайыздык чектен беш  партия өткөн. 

Шаардык кеңештеги 45 мандаттын  -  он үчү КСДПга , он экиси  Республика-Ата Журтка, сегизи  Өнүгүу Прогресске ,  дагы жетөө  Мекеним Кыргызстанга  жана 5 мандат  Кыргызстанга ыйгарылды. 

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"