Жаңылыктар
Нурлан Усубалиев “Жаңы космос” конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн бири болду
Билим
Нурлан Усубалиев “Жаңы космос” конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн бири болду

Кыргызстандык жаш окумуштуу Нурлан Усубалиев Орусияда өткөрүлгөн “Жаңы космос” конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн бири болду.

Бул тууралуу Кыргызстандын программалык камсыздоо жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынан кабарлашты. 

Сынакты “Роскосмос” мамлекеттик корпорациясы жана Перспективдүү изилдөөлөр фонду уюштурган. 

Сынакка космостук техниканы жаңылоо жана ойлоп табуу багытындагы 100дөн ашык эмгек жөнөтүлүп, алардын арасынан мыкты эмгек катары кыргызстандык окумуштуу тандалып алган.

Нурлан Усубалиев учурда Новосибирск шаарындагы академиялык шаарчада оптика-электрондук прибор жасоо жана фотоника тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.