Жаңылыктар
Жаңы жылдын алгачкы ымыркайы
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жылдын алгачкы ымыркайы

Жаңы жыл түнү жарык дүйнөгө келген эки ымыркайдын бири Сузакта төрөлдү. Саат жебеси 12ден 5 мүнөт өткөндө төрөлгөн кыздын дени сак дешет дарыгерлер. Атын болсо Сафия деп аташты. 

Орто-Азия айылындагы Жакыповдордун үйүндө өзгөчө майрам. Анткени жаңы жылга караган түнү төрөлгөн небересин райондук төрөт үйүнөн чыгарып келишти. Ымыркайдын апасы Нуржамал Кочкорова төрөт үйүнө 1-январга карган түнү саат 9 да толгоосу күчөп кайрылган.

Ымыркайдын атын Сафия деп чоң энеси койду. Биринчиден башка неберелеринин аты менен уйкаштырган, анан да мусулманча ысым экенин айтат. Чоң эне буга чейинки 4 небересинин атын да өзү койгон.

Райондук төрөт үйүнөн билдиришкендей, ымыркайдын апасынын көз жарышы жеңил өткөн. Мында кайрылгандан кийин 3 саатан аралыгында эле көз жарган.

Ал эми райондук төрөт үйүндө 2017-жылдын биринчиси болуп төрөлгөн Сафиядан соң, жаңы жылдын таңкы саат 8ге чейин 8 наристе төрөлгөн. Ал эми жалпы 2016-жылды алсак райондук төрөт үйүндө 5 миң 700 бала төрөлгөн. Бул көрсөтүч 2015-жылга салыштырмалуу 1500 гө өскөн.