Жаңылыктар
Такталбаган маалыматты таратканы - түрк басылмаларынын калпыстыгы болду
Кыргызстан жаңылыктары
Такталбаган маалыматты таратканы - түрк басылмаларынын калпыстыгы болду

Кыргыз жаранынын Стамбулдагы окуяга катышы бар деп такталбаган маалыматты таратканы - түрк басылмаларынын калпыстыгы болду. Мындай пикирлерин кыргыз медиа серепчилери билдиришүүдө. Бул маалыматтарга Кыргызстандын тиешелүү мекемелери өз убагында жооп кылып, чет элдик басылмалардын кабарлары жокко чыкты. Ошентсе да медиа серепчилер эл аралык деңгээлде чагылдырылган бул окуя өлкөнүг аброюна терс таасирин тийгизет деп эсептешет. 

Окуя 31-декабрдан 1-январга караган түнү орун алып, түнкү клубда кыргын салган адам түшүп калган эки-үч кыска видео интернетке жарыяланды. Анда кылмышкердин эс алуу жайынын кире беришинде ок чыгарганы, түнкү клубдун ичинде жүргөнү жана үчүнчү видео ок атуудан кийин сырттагы абал тартылган. Түрк бийликтери террордук акт деп атаган бул окуяда 39 адам каза таап, 70тен ашыгы жаракат алышкан.



Мындан эки күн өтпөй Түркиянын мамлекеттик маалымат каражаттары бул окуяга кыргыз жаранынын тийиштиги болушу мүмкүн деп жазды. Шектүүнүн атын да аташып, Яхе Машраповдун паспортун жарыялап жиберишкен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Каттоо кызматы бул маалымат боюнча дароо текшерүү жүргүзүшүп, чет өлкөлүк басылмалардын билдирүүлөрү чындыкка дал келбесин тастыкташты. 

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги да тиешелүү мекемелерге расмий кайрылуу жолдогон. Элчи Ибрагим Жунусов биздин каналга скайп аркылуу чыгып, Машраповго байланышкан маалымат калпыс болгонун түрк бийликтери да моюнга алганын билдирди.

Чынында такталбаган маалыматтар мамлекеттер ортосунда түшүнбөстүк жаратып, эки тараптуу мамилеге терс таасир тийгизип коюшу мүмкүн. Медиа серепчилер түрк басылмалары маалыматты шашылыш таратканын, муну менен айрым массалык маалымат каражаттары өзүнүн атын чыгарууну каалаган же бир кабарчы жеке аброю үчүн жасашы мүмкүн дешет. Бирок бул жолу чет элдик маалымдоо каражаттарынын аракети тескери натыйжа бергенин белгилешүүдө.

Түркиянын ички иштер кызматкерлери Машраповду суракка алган соң андан кечирим сурап кайра узатышкан. Белгилей кетүүчү жагдай түрк басылмалары бир гана кыргыз жаранын эмес, Өзбекстан, Тажикстандан келгендерди да бул окуяга шектүү катары жазышкан. Элчилик тарабынан такталбаган маалыматтарды жарыялабай туруу өтүнүчү расмий жиберилди.

 Медиа серепчилер кандай болгон күндө бул окуя бир адамдын гана эмес, жалпы өлкөнүн кадыр баркына терс таасирин тийгизгенин айтышат. Бирок абалды түзөп кетүүгө азыр да кеч эмес. Бул үчүн түрк басылмалары маалыматты кайра төгүндөп коюусу туура болот.

Бул арада түрк бийликтери түнкү клубда кандуу калаба уюштурууга шектелген жарандын өздүгү такталганын билдирди. Бирок азырынча анын аты-жөнүн ачык жарыялай элек. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда окуяда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.