Жаңылыктар
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлер тандалды
Саясат
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлер тандалды

Бишкек шаарынын жаңы мэрин тандоо өнөктүгүнө карата талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү аяктады. Эми шаар башчысынын милдетин аткарууга 2 атаандаш ат салышканы турат.  Алардын бири шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн адам, ал эми экинчиси болсо оппозициядагы фракциянын талапкери. 

БШК шаардык кеңештеги партияларга талапкер сунуштоо боюнча 4-январга чейин убакыт берген. Аз күн мурун Бишкек шаардык кеңешинин курамы бекип, алар жаңы мэрди тандоого киришти. Буга чейин Социал-демократтар, “Республика - Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан түзүлгөн көпчүлүк коалиция азыркы мэр Албек Ибраимовдун талапкерлигин кайра көрсөткөн. Үч фракция депутаттары талапкерди чарбачылдыгына маани берип, кайра кызматын уланта берүүнү сунуштаган.



 Ал эми экинчи талапкер шаардык бийликтин оппозициясынын биринен көрсөтүлгөн. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Нурдин Абдылдаевди мэр кызматына сунуш кылууда. 2-талапкер 3-чакырылыштын депутаты болгон, бир катар мамлекеттик кызматтарда эмгектеген.

Ортодо дагы бир жаш, шаардык бийликтин бутагы болгон “Мекеним Кыргызстан” партиясы бар. Шаардык кеңештен орун алган бул партияда да оппозициянын катарында. Алар кайсы талапкердин программасын туура көрсөк, ошол тарапты колдойбуз деген көз карашта.

 Азыркы шаар бийлигине келген партиялар шайлоо өнөктүгүндө эл алдында маселелерди жоёбуз, шаарды гүлдөтөбүз деген бир топ убада кылды. Эми алар татыктуу шаар башчыны тандап, андан жумуштун аткарылышын талап кылып турушу керек.