Жаңылыктар
Бирдиктүү салык декларациясын чогултуу жараяны башталды
Экономика
Бирдиктүү салык декларациясын чогултуу жараяны башталды

Кыргызстанда 2016-жылдын жыйынтыгы менен Бирдиктүү салык декларациясын чогултуу жараяны башталды. 

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, жергиликтүү ишкерлер жана чет элдик уюмдар декларацияны 1-мартка чейин тапшырышы керек. 

Ал эми мамлекеттик кызматкерлер, кыймылсыз, кыймылдуу мүлктүн жана фермерлик чарбалардын ээлери документти салык кызматына 1-апрелге чейин тапшырса болот. Ал эми жалпы салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 4 жылга жылдырылган болчу. 


Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"