Жаңылыктар
Жемкорлукка каршы кантип күрөшүү керек?
Кыргызстан жаңылыктары
Жемкорлукка каршы кантип күрөшүү керек?

Коррупция тууралуу билдирген жаранга 1 миллион сом берүү жөнүндө мыйзамды президент артка кайтарды. 

Мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу талап кылынат, анткени анда кызыл кулактык тобокелчиликтери бар.  

Мындан улам айрым бир карама-каршылыктарды жок кылуу үчүн кайрадан оңдоп чыгуу зарыл. Ал арада талдоочулар да бул мыйзам долбоорун  кайрадан  иштеп чыгуу талап кылынаарын айтууда.     

Талдоочулар, Кыргызстанга келечекте коррупцияга  каршы курөшүү боюнча бул сыяктуу ыкма керек дешет. Кошумчалай кетсек, Дүйнөлүк экономикалык кызматташтык уюму, мониторингдин жыйынтыгында, Кыргызстанга жемкорлук боюнча билдирген жарандарды мыйзам чегинде коргоого алган документ иштеп чыгуу сунушун берген.     

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"