Жаңылыктар
Түркиядагы түнкү клубга кыргын салган адам аныкталды
Дүйнө
Түркиядагы түнкү клубга кыргын салган адам аныкталды

Түркия түнкү клубга кыргын салган жанкечти аныкталганын жарыялады. Бул тууралуу түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 4-январда мамлекеттик “Анадолу” агенттигине билдирди. 

Анын айтуусунда, кол салган адамдын тек жайы ким экени белгилүү болду. 

Бирок Чавушоглу бул багытта толук маалымат берген жок. Анын айтымында, шектүүнү кармоо аракеттери уланууда. 

Жашаган үйү аныкталып, аны менен кимдер байланышканы жана кимдер жардам бергени иликтенүүдө.