Жаңылыктар
Бишкектеги мектеп окуучулары үчүн түрдүү ийримдер уюштурулууда
Билим
Бишкектеги мектеп окуучулары үчүн түрдүү ийримдер уюштурулууда

Бишкектин мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусун кызыктуу өткөрүү максатында түрдүү ийримдер уюштурулууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

20 миң балага ылайыкталып 1300дөн ашуун чыгармачыл ийримдер уюштурулду. Иш-чаранын башкы максаты - балдардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатып, ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жардам берүү. 

Мындан улам мээге чабуул жасаган түрдүү сынактар ойнотулуп, музей, театр, парк, китепканаларга экскурсиялар уюштурулуп, теннис, шахмат оюндары боюнча мелдештер өткөрүлүүдө. 

Кызыктуу, пайдалуу убакыт өткөрүүгө мугалимдер менен ата-энелер да катышып жатат.