Жаңылыктар
Ички дүң продукциянын көлөмү 3,2 пайызга өстү
Экономика
Ички дүң продукциянын көлөмү 3,2 пайызга өстү

2016- жылы ички дүң продукциянын көлөмү 3,2 пайызга өскөн. Экономистер КМШ мамлекеттеринин арасынан Кыргызстан экономикалык жактан жылды жакшы жыйынтыктады деп баалашууда. 

Ага кыргыз экономикасынын ачыктыгы, Өкмөт менен Борбордук банктын макроэкономикалык туура саясаты жана Кыргыз-Россиялык фонддун таасири бар деп санашууда. 

Ошондой эле  Россиянын экономикалык каатчылыктан чыга баштаганына байланыштуу мигранттар тарабынан акча которулуулардын көлөмү өскөн. Айрым эксперттер Казакстан жана  Россия негизги өнөктөш өлкө болгону менен алар менен болгон соода- экономикалык байланыш  бюджеттин куралышына таасир этпесин айтып, 2017- жылы көмүскө экономикадан кутулуу аракетин көрүү керекдигин эскертишет. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"