Жаңылыктар
Манасчы Ширин Сарыгулова дүйнөдөгү эӊ таасирдүү 100 айымдын катарына кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Манасчы Ширин Сарыгулова дүйнөдөгү эӊ таасирдүү 100 айымдын катарына кирди

Манасчы Ширин Сарыгулова ВВС басылмасынын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү эӊ таасирдүү жана шыктандыруучу 100 аялдын катарына кирди. Бул тууралуу маалымат, басылманын расмий баракчасында 28-декабрда жарыяланып, ал тууралуу даректүү тасма тиркелген. 

Көчмөндөр оюндары учурунда ВВС телеканалы Ширин Сарыгулова жөнүндө жарым сааттык даректүү тасма тарткан. Тартуу процесси Кырчын жайлоосунда жана башка жерлерде жүргөн. 

Кыз Сайкал менен Манастын чабышы, ошол учурдагы баатыр аялдын образы кандай болгон, деги эле ошол учурдагы жашоо салты, жаа аткандыгы, ат үстүндө жүргөнү боюнча баян тартышкан.