Жаңылыктар
Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
 Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери үчүн экинчи көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Анын капсуласын салуу иш-чарасына бүгүн өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, ЖАМКнын жетекчилиги, ардагерлер жана күзөт департаментинин өздүк курамы катышты. 

Көп кабаттуу үйдүн бири өткөн жылдын август айында курулушу башталып, азыркы учурда соңуна чыкканы турат. Бул эки үй жалпысынан 81 батирлүү болот. Темир Жумакадыровдун айтымында, негизи күзөт департаментинин аймагына көп кабаттуу 5 үй салынып, бардыгы 270 батир болмокчу. 

Баштапкы курулушка учурда өкмөт тарабынан 94 миллион сом бөлүндү. 

Жаңы үйдүн курулушу апрель айынын аягына чейин бүткөрүлмөкчү. Иш-чарада белгилегендей, Жаза аткаруу тармагында иштеген кызматкерлер үчүн көп кабаттуу үйлөр азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында курулууда.