Жаңылыктар
Москвада каза болгон мекендештерди алып келүүгө өкмөт акча бөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Москвада  каза болгон мекендештерди алып келүүгө өкмөт акча  бөлдү

Москвада өрттөн мерт кеткендердин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн өкмөт 700 миң сом бөлдү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева кырсыкка байланыштуу өткөрүлгөн жыйында билдирди. 

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча учурда маркумдарды идентификациялоо аяктап, Россиянын тергөө комитетинин башкармалыгы тийиштүү жыйынтык чыгарып берген. Сөөктөр туугандарынын коштоосунда алардын туулган жери Ош шаарына жана Баткен облусуна алып келинет. 



Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-январында Москва шаарындагы тигүүчү цехтен өрт чыгып 12 адам набыт болуп, анын ичинен 8 жаран Кыргызстандыктар болгон.

Орусиялык укук коргоо кызматкерлери бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Ал эми, күбөлөрдүн берген маалыматы боюнча, өрт бир нече жерден тутанган.