Жаңылыктар
Суткалык мөөнөткө берилген батирлерге айып пул салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Суткалык мөөнөткө берилген батирлерге айып пул салынат

Көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин айрым кожоюндары ыйман, адептен мурда акчаны башкы планга чыгарып, үйүн сойкуларга ижарага берип келет. Албетте, сааттык жана суткалык мөөнөткө берилген батирлерде адеп-ахлактан тыш арбын көрүнүштөр орун алат. Эми мындай үйүн күнүмдүк мейманканага айланткандарга тыюу салынат. Буга багытталган мыйзам 9-январдан тарта күчүнө кирет. Мыйзамды бузган жактарга административдик жоопкерчилик каралып, акчалай айып пул салынмакчы. 

Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев 30-декабрда кол койгон. Ага ылайык көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди саатка жана суткага мейманкана катары бергендерге административдик жоопкерчилик каралып, айып пул салынат.
Көп кабаттуу үйлөрдү убактылуу мейманканага айланткандар шаарда кенен кулач жайып, ошол эле учурда тапкан пайдадан мамлекетке салык төлөбөй иштеп келишкени айтылат. Эми мыйзамды бузгандарга карата айып пулдун көлөмү көбөйтүлүп, жеке жактарга 7 миң сом, кызмат адамдарына 9 миң, ал эми юридикалык жактарга 70 миң сом болуп белгиленди. Шаардыктардын арыз даттануулары менен буга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иштеп келсе, эми бул милдет милиция кызматкерлерине жүктөлүүдө.
Мыйзам 9-январдан тарта күчүнө кирет. Айрым жарандык активисттер бул документтин быйыл киргизилгени маданият, ыйман, адеп-ахлак жылына карата да жакшы жөрөлгө болгонун белгилешүүдө.