Жаңылыктар
Жыл башынан тарта тамекинин баасы кымбаттайт
Кыргызстан жаңылыктары
Жыл башынан тарта тамекинин баасы кымбаттайт

2017-жылдын ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланганына ылайык, жаман адаттарга каршы да аракеттер көрүлө баштады. Мисалы, 1-январдан тарта тамекиге салынган акциздин баасы кымбаттады. Эми чыпкасы жок тамекинин 1 миң даанасына болгон акциздин наркы 100 сомдон 400 сомго чейин өстү.  Чекене баа да жогорулайт. Бул ЕАЭБдин талабына жараша бааларды теңдөө аракети менен байланыштуу. Тамекинин баасы көтөрүлүшү менен эмне өзгөрөт?
Кыргызстанда сатылган тамекинин бир кутусунун баасы 40 сомдон 200 сомго чейин
Эгер чылым чеккен адам күнүнө бир куту тамеки тартса, анда бир айда 30 куту чеккен болот.

Бир жылда жалпысынан 365 куту тамеки чегет.
Жыйынтыгында, чылым чеккен адам күн сайын 40 сомдук тамекини тартканда эле бир жыл ичинде тамекиге 14 600 сом акча сарптайт.
 Ар жылы дүйнөдө 6 триллиондон ашык даана тамеки чыгарылат. Бул көрсөткүч күн санап өсүп турат. Ал эми бир даана тамекинин курамында 400дөн ашуун зыяндуу химиялык заттар бар.
Чылым тартууга каршы мамлекет тарабынан буга чейин түрдүү чаралар көрүлгөнү менен жыйынтык бербей жаткандай. Эми мыйзам чыгаруучулар чылым чеккендердин чөнтөгүнө сокку урууда.
Евразиялык экономикалык биримдик - чылым чегүүгө каршы эң жакшы каражат. Бул уюмга мүчө өлкөлөрдө тамекиге коюлган акциздин баасы жогору. Кыргызстанда да ушундай баа болушу шарт. Мындан улам, 1-январдан тарта тамекиге салынган акциздин баасы кымбаттады.
Тамекинин баасын көтөрүү - бюджетке акча алуу аракети. Экономисттер болсо, тамекиден түшкөн каражат бюджетти толтуруп жибербесе да, башка тараптан оң таасирин тийгизет дешет.
Парламент депутаттары алдыдагы 2 жыл аралыгында бааны мындан да көтөрөлү деп жатышат. Алар бааны 2017-жылдын 1-июлунан тарта 100 сомго, 2018-жылдын 1-январынан 150 сомго, ал эми 2019-жыл башынан 250 сомго чейин жогорулатууну сунушташууда.