Статистикага таянсак биздеги чылым чеккендердин 20 пайызын жаш өспүрүмдөр түзөт экен. Бул, республика аймагында 100 миңге жакын 18ге чыга элек өспүрүм чылым чегет дегенди туюнтат. Келечек муундун саламаттыгына балта чаап жаткан адатты ооздуктоо максатында өткөн жылдын июнь айынан тартып, 18 жашка толо элек өспүрүмдөргө чылым менен спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салынган.
Жашы жете элек курактагы өспүрүм балдарга спирттик ичимдиктерди саткан дүкөн ээлерине миң сомдон 7 миң сомго чейин айып пул салынат. Эгерде ушул эле сатуучу экинчи ирет мыйзам бузса, лицензиясынан кол жууйт. Бул сумманы адистер, 5-10 эсеге чейин көбөйтүүнү сунушташат.
Cпирттик ичимдиктерди саткандарды ооздуктоо менен гана өспүрүм балдарды терс адаттан сактап калуу аздык кылат. Балдардын туура жолду тандоосуна же жакшы тарбия алуусунда ата-эненин орду чоң. Ага ылайык, кечки ондон кийин, үйдөн сырткаркы жайда баласынын эмне менен алек болуп жүргөнүнө кызыкпаган ата-энелердин жоопкерчилиги туурасында атайын мыйзам бар.
Калктын саламаттыгынан да кара курсактын пайдасын көздөгөндөргө албетте, бул сыяктуу тартипке чакыруу аракети жага бербейт. Кеп-сөзгө келбеген бул сатуучулардын каш-кабагынан алардын мыйзамдын аткарылыша караманча каршы экендигин байкоого болот.
Наркологдордун баамында, чылымдан баш тарта албай келе жаткан улуу муундагы жарандардын 80 пайызын өспүрүм кезден чылымга жипсиз байлангандар түзөт. Анткени, адам канчалык эрте чылым чегүүгө көз каранды болсо, ошончолук андан баш тартуу кыйынчылык жаратат.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунунун билдирүүсүнө караганда, ар бир 6-секунд сайын өмүрү никотинге байланган жаран каза табат.