Жаңылыктар
Кыргызстанда 1346 жапайы жырткыч жаныбар атылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 1346 жапайы жырткыч жаныбар атылды

Кыш мезгили  башталгандан  тартып  республика  боюнча жалпы  1346  баш жапайы  жырткыч жаныбар  атылды. Өткөн жылдын соңунда  Нарын  облусунун   Жумгал  районунда  короодо  ойноп  жаткан кичине  баланын бетин карышкыр тиштеп  алган учурду  эске албаганда,  карышкыр-чөө  адам  өмүрүнө коркунуч келтирген олуттуу учур каттала элек. 

Аңчылар  2016-жылдагы  сый  акыларын  алышкан, ок-дарыларды  алууда  маселе жок деп  билдиришет  адистер.  Буга чейин айрым  интернет  булактарында Ала-Бука  районунда чөөлөр  мүрзө  казып жаңы  көмүлгөн сөөктү казып жеп жаткандыгы жарыяланган. Аталган райондун  1-Май  айыл  аймагынын  башчысы  Мухтар Шербаев бул маалыматтарды төгүндөп, бир катар жылдардан бери көркоолор  менен  күрөшүү  иштери  алдын ала жүргүзүлүп  жаткандыгын билдирди. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"