Жаңылыктар
Мамлекеттик органдар электрондук тейлөөгө өтүшү мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик органдар электрондук тейлөөгө өтүшү мүмкүн

Кыргызстанда бардык мамлекеттик органдарды электрондук тейлөөгө өткөрүү керек. 

Бул багытта өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тарабынан ишти тездетүү талабы коюлууда. 

Эске салсак, буга чейин "Түндүк" электрондук мекемелер  аралык өз ара аракеттенүү системасы түзүлгөн. 

Жыл сайын Кыргызстанда мамлекеттик органдарда документ жүргүзүүдө кагазга, боекко гана бир топ каражат жумшалат. Андыктан министрликтер менен мамлекеттик органдар документ жүргүзүүнү электрондук түргө өткөрсө каражат, убакыт үнөмдөлөт-дешет адистер. 

Электрондук документ жүргүзүү жарандардын паспорт жана башка документтерди алууда убактысын үнөмдөп, коррупциялык көрүнүштөргө дагы чекит коймокчу.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"